Раушан Сейиткасымова Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын каржы-экономикалык анализ жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 6-февралда президенттик аппараттан билдиришти.
Сейиткасымова башка кызматка которулганына байланыштуу иштен алынганы айтылат маалыматта. Кайсы кызмат экени айтылган жок.