Чаткал-Ала-Бука унаа жолунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери жыйынтыкталып, жол каттамы ачылды

Чаткал-Ала-Бука унаа жолунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү жыйынтыкталып, каттам ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын кызматкерлери Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 74-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) атайылап кар көчкү түшүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

"Иш-чаранын алкагында 40 артиллериялык снаряд атылып, 11 800 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн. 3-февралда жабылган унаа жолу аба ырайынын турукташкандыгына байланыштуу каттамдар үчүн ачылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан