Өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорун бекитти

Кыргыз өкмөтү "Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорун бекитти.

Долбоордун максаты – дыйкандарга 2017-жылкы жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзүү, мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын жеңилдетилген насыя менен камсыздоо. Коммерциялык банктар жана адистештирилген каржы-кредиттик мекемелер жеңилдетилген пайыздык үстөк менен каражат берет. Насыялар төмөнкүдөй шартта берилиши керек:

Мал чарбачылык тармагы үчүн: жылдык үстөгү 10 пайыз, 18 айдан ашык эмес мөөнөткө;

Өсүмдүк өстүрүү тармагы үчүн: жылдык үстөгү 10 пайыз, 24 айдан ашык эмес мөөнөткө;

Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана иштетүү, экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү тармагы үчүн: жылдык үстөгү 6 пайыз, 36 айдан ашык эмес мөөнөткө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан