Бишкекте тургундун колу-бутун байлап, кымбат баалуу зер буюмдарын тартып алган эки адам кармалды

Бишкек шаарынын жашоочусуна күч колдонуп ири өлчөмдө зер буюмдарын тартып алган эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 27 жаштагы Б.И. аттуу тургуну 15-январда белгисиз адамдар тарабынан тонолгонун айтып арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, анын колу-бутун байлап, кымбат баалуу зер буюмдарын, 600 АКШ долларын жана 23 миң сом акчасын алып кетишкен.

"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын 26 жаштагы К.А. жана 20 жаштагы Д.Х. аттуу тургундары кармалган. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
semo
2017-02-07 10:44:51
Жазасын алсын кармалса жакшы болуптур
0
baltabai
2017-02-07 12:50:37
Уурлар десе
0
kg.boys86
2017-02-07 14:14:42
А.д м.д дебей атын толук жазсанар жакшы болмок да. Башкалары да билет эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан