Кыргыз өкмөтү алкоголь продукцияларынын сатылышын көзөмөлдөйт. Бул тууралуу 7-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине алкоголь продукцияларынын сатылышын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча нормативдик-укуктук актыларга жараша иретке келтирүү тапшырмасын берген. Буга чейин бул жаатты текшерүү иштери Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлүп келген.
"Аталган кызматтын ишмердүүлүгү көп тармактуу болгондуктан, алкоголь продукцияларын координациялоодо тийиштүү көңүл бурулбай, анын экспорттук потенциалы төмөндөгөн. Салык кызматы акциздик маркаларды берип, алкоголь өндүрүү ишканаларынан салык чогултууну уланта берет. Муну менен Кыргыз өкмөтү алкоголду өндүрүү, сатуу, импорт жана экспортту көзөмөлгө алат. Көрүлгөн чара мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктарды көбөйтүп, мыйзамсыз соода жүгүртүүнү кыскартат", - деп айтылат маалыматта.