Кыргыз жеринде 2016-жылы айыл чарба продукцияларын экспорттоонун суммасы 13 миллиард сомду, импорт 32 миллиард сомду түздү. Маалымат 6-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында айтылды.
Биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин билдиришинче, быйыл айдоо жерин 11,2 миң гектарга көбөйтүп, жалпы айдоо аянтын 1 миллион 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Дыйкан, фермерлерди үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоодо “Газпром” ишканасы менен келишим түзүлгөнү жатат. Мындан тышкары айыл чарба техникалары менен жабдууда машина-трактор станцияларын (МТС) түзүүнүн жана жеңилдетилген шартта техникаларды алып келүүнүн механизмдери күчөтүлмөкчү.
Комитет төрагасы Айтмамат Назаров жеңилдетилген насыяларды азыртадан берүү зарылдыгын кошумчалады.