Экстремизмди жана терроризмди үгүттөгөн 86 веб-сайтка чектөө киргизилди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 2016-жылы экстремисттик, террористтик аракеттер жана улуттар арасындагы араздаштыкка каршы күрөшүү боюнча мыйзамдардын ишке ашырылышы боюнча 203 текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында нормативдик-укуктук актылардын бузулушун жоюу боюнча 76 тапшырма, 178 көрсөтмө берилген. Прокурордук актылар боюнча 219 кызмат адамы тартип жазасына тартылды. ИИМ жана УКМК кызматкерлеринин биргеликте жүргүзгөн иш-аракетинин жыйынтыгында экстремисттик мүнөздөгү маалымат тараткан веб-сайттарды жабуу боюнча сотко 13 арыз жиберилген. Арыз каралып, 86 веб-сайтка чектөө киргизилген.

"Башкы прокуратура тарабынан интернеттеги экстремизм жана терроризмдин идеологияларын, куралдуу жаңжалдарга үгүттөгөн кыймылдардын иш-аракеттерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул үчүн 2015-жылы атайын жумушчу топ түзүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil706070
2017-02-07 11:54:41
насаат .kg сайтын да жаптырып тынышты окшойт.пайдалуу насааттар,окуялар чыгып турчу эле
0
naz2015
2017-02-07 16:31:54
кайсы сайттар болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан