"КСДП фракциясы 5 жылдан бери парламентте төрагалык кылып келет. Ошондон бери төраганын бир да жолу жыл жыйынтыгы боюнча отчётун уга элекпиз", - деп бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда депутат Мыктыбек Абдылдаев ("Бир бол") нааразычылыгын билдирди.
"Башка мамлекеттик мекемелердин башчыларынан жыл жыйынтыгын сурап жатабыз. Калыстык үчүн спикерден да сурашыбыз керек. Мыйзам боюнча, парламенттин төрагасы жыл ичинде эки жолу отчёт бериши керек: акча каражаттарынын жумшалганы жана парламенттин жыл ичиндеги ишмердүүлүгү тууралуу. Төрагалык кылгандан кийин маалымат берип туруш керек", - деди Абдылдаев.
Аны менен депутат Айнуру Алтыбаева (КСДП) макул болгон жок. "Төраганын жылдык отчётун Жогорку Кеңештин расмий интернет-сайтында жайгаштыруу тууралуу процедураны бекиткенбиз. Маалыматты ошол сайттан алып, сунушуңарды берсеңер болот", - деди Алтыбаева.