5-февраль күнү таңга маал Тоң районунун Калкагар айылына 5 карышкыр кирип келип, короодогу
малга кол салган. Ошондой эле 27 жаштагы айыл тургуну Кадыржан Шаршенбек уулунун билегин, жоон санын тиштеген. Ал эми жабырлануучунун атасы 54 жаштагы Шаршенбек Абакиров колунан жеңил жараат алган.
"Саат таңкы беш менен алтынын ортосу болчу. Уйлар мөөрөгөнүнөн уулум сыртка чыккан. Ага күтүлбөгөн жерден карышкыр кол салыптыр. Аталап кыйкырганынан чыксам, карышкыр менен алышып жаткан экен. Экөөлөп муунтуп, эсин оодардык. Анан келиним кызыл кыш таап келип, аны менен башка чаап өлтүрдүк. Үйүбүз айылдын ортосунда болгондуктан карышкыр кирип келет деп эч ойлобопмун. Учурда балам Балыкчы шаарындагы ооруканада, абалы туруктуу. Өзүм болсо колумдан жеңил жараат алдым", - дейт Шаршенбек Абакиров.
Буга чейин SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу Тоң районунун Калкагар айылында карышкырлардын үйүрү айылдагы адамдарга жана малга кол салганын билдирген болчу.