Улуу Британияда жашыл түстөгү күчүк туулду

Улуу Британияда жашыл түстөгү күчүк туулду. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыккан.

Маалыматтарга караганда, өзгөчө жандык тууралуу журналисттерге күчүктүн кожоюну өзү маалымдаган. Анын айтымында, күчүктүн түсүн алгач кара деп ойлошкон, кийин теринин жашыл болуп кулпуруп турарын байкашкан. Андан башка жаңы туулгандар саргыч түстө болгон. Ал эми алардын энеси, 2 жаштагы лабрадор-ретривер породасындагы Милли аттуу иттин териси күрөң өңдө. Мындай көрүнүш күчүк түйүлдүктө жаткан кезде биливердиндин (өт пигменти) көбөйүп кетиши менен түшүндүрүлөт. Бул зат гемоглобин азайып кеткенде пайда болот.

Күчүктү белгилүү "Шрек" мультфильминдеги Фионанын урматына Фифи деп аташкан. Кожоюндары Фифи чоңойгон соң сатып жиберүүнү пландашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kunbeken
2017-02-07 12:28:49
жаратылыштын керемети
-5
Seiil.94
2017-02-07 13:31:00
Kunbeken,жаратылыштын бузулушу.
+2
-Sumitra-
2017-02-07 19:25:54
Байкуш кучук ооруп туулса,аны рекламалап олуп атышат го!
-1
ularik_kg
2017-02-07 21:59:47
-Sumitra-, не дегенин ал
0
bond02
2017-02-08 09:10:07
Суротчунун ити тууган го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан