Олег Панкратов вице-премьер-министрликтен кетиши мүмкүн. Себеп: парламентке келбей жатат

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 7-февралдагы отурумунда вице-премьер-министр Олег Панкратовду кызматтан кетирүү сунушталды.

Конституциялык палатанын чечимдерин өкмөт кандай аткарып жатканы боюнча маалымат берүүгө Олег Панкратов отурумга чакырылган болчу, бирок ал келген жок. Буга нааразы болгон депутаттар Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс"), Иса Өмүркулов (КСДП), Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс") аны кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүштү.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен") бул маселе боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбековду чакыруу керектигин айтты. "Эгер комитетке келбеген министрлерди кызматтан кетире берсек, кийин адатка айланып калышы мүмкүн. Премьер-министрди чакырып, андан сурайлы", - деп сунуштады Шыкмаматов.

Талкуунун жыйынтыгында Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылышы тууралуу маселени кароо кийинки жумага жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
GENTLEMEN
2017-02-07 11:36:43
Кааласанар айдайсынар, шайлайсынар, жайлайсынар анан ылайлайсынар, силердин ишинер ушуда, башка ишинер жок, элди урупда ойнобойсунар)).
+4
-Sumitra-
2017-02-07 19:27:59
Орусу мне кылып кыйратмак эле?Кыргыздар кыйратпай аткандан кийин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан