Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 7-февралдагы отурумунда депутат Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен") комитет мүчөлөрүнүн вице-премьер-министр Олег Панкратовду парламентке келбегени үчүн кызматтан кетирүү ниетин "шоу" деп атады.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев ("Бир бол") парламентте ким "шоу" уюштуруп жатканына кызыкты. "Силердин фракцияңар өкмөттү кетирүү боюнча кол топтоп жатат, бирок Олег Панкратовду коргоп жатасыңар. Өкмөттү кетирүү талабы "шоубу" же вице-премьерди кетирүү талабы "шоубу"?" - деп сурады Абдылдаев.
Шыкмаматов билдиргендей, өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча премьер-министр жооп бериши керек. "Өкмөттү премьер-министр башкарат. Ата баласы үчүн жооп берет эмеспи. Өкмөттүн атасы жооп бериши керек. Биз болсо баласы Олег Панкратовду урушуп жатабыз. Өкмөттү кетирүү талабыбыз "шоу" эмес", - деди Шыкмаматов.