Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-февралда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды. Жолугушууга президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов дагы катышты. Анда мамлекет башчыга транспорттук инфраструктура объектилерин куруу, өлкөдөгү унаа жолдордун курулушу жана оңдоо иштери боюнча маалымат берилди. Мындан сырткары министр Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад, Бишкек-Чолпон-Ата-Корумду, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Талас-Тараз-Суусамыр стратегиялык унаа жолдорунун курулуш планы, Бишкек-Кара-Балта жолун куруу башталуу алдында экенин айтты.
Президент транспорт-байланыш долбоорлорун өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ушул жылга пландалган жолдордун аткарылыш убактысына жана сапатына көңүл бурууну тапшырды.