Санариптик телекөрсөтүүгө өтүүдө бир жагынан сапат жакшырса, ошол эле учурда телеканалдарда жарнамадан киреше түшүү азаят. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда парламентте “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, санариптик телекөрсөтүүгө өтүүдө көптөгөн суроолор жаралды. “Медиа тармагында иштегендер арасында талкуу жаратты. Анда ретрансляция аркылуу саат 7:00дөн 23:00гө иштеген теле жана радиолор жарнама алуусуна тыюу салуу сунушу айтылган. Жыйынтыгында бул мыйзам долбоорунда андай каналдарга ретрансляцияга кеткен каражатты жабуу көлөмүндөгү жарнаманы алууга уруксат берилди”, - дейт ал.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.