Ак-Суу районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23 жаштагы К.Улан аттуу жаран Теплоключенка айылындагы турак үйлөрдүн бирине терезе аркылуу уурулукка кирүүгө аракет кылган. Аны байкап калган жашоочулардын бири Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери баргыча ууру качып кеткен. Бирок окуядан көп узабай кылмышка шектүү К.Улан кармалган. Анын көтөрүп жүргөн сумкасынан травматикалык тапанча жана ок-дарылар табылган.
"Кылмышка шектүү буга чейин да уурулук боюнча бир канча жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал аталган турак үйгө 5-жолу уурулукка кирип жатканын мойнуна алды. Учурда ал тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.