Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын райондорунда тамчылатып сугаруу боюнча окутуулар өттү

Өлкө аймагында Израилде чыгарылган тамчылатып сугаруу системинин өзгөчөлүктөрү тууралуу окуулар жүрүп жатат. Маалыматты 6-февралда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, окутуулар Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын райондорунда тамчылатып сугарууга кызыккан дыйкан-фермерлерди чогултуу жолу менен атайын иштелип чыккан графиктин негизинде өткөрүлдү. "Окутуу иштери аталган облустардын 18 районун камтып, үстүбүздөгү жылдын январь айынын 3 жана февраль айынын 1-декадасында өткөрүлдү. Аталган окууга 1000ге жакын дыйкан-фермерлер тартылды. Бул ыкма 2015-2016-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кант кызылчасы талаасынын 40 гектарына жана жүгөрү талаасынын 140 гектарына колдонулган. 2016-жылы анын жалпы аянты 180 гектар жерге жетти. Жыйынтыгында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдөгү бир топ агротехникалык иштер үнөмдөлүп, түшүмдүүлүктөрү жогорулады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан