Бишкекте "Сөгүнбө" аталышындагы акция өттү

К.Тыныстанов атындагы №5-китепкананын жетекчилигинин демилгеси менен "Сөгүнбө" аталышындагы акция өттү. Уюштуруучулар иш-чара аркылуу адамдардын намысына шек келтирүүчү жаман сөздөрдү колдонбоого чакырышты.

Бүгүн, 7-февралда аталган китепкананын башчысы Бактыгүл Оркошева SUPER.KG порталына билдиргендей, иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлдү.

"Коомдук жайларда сөгүнгөн, жарандарды мазактап, тийишкен, коомдук тартипти бузган адамдарды жоопко тартуу боюнча Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ушундай акция өткөрүү идеясы келди. Студенттер, окуучулардын катышуусунда өзүбүз атайын баракчаларды жасап, көчөдө элге таратып жаттык. Көбүнчө эркек кишилерге бердик. Алгач таң калып жатышты, бирок баракчаларды окуп, шардагы жазууларды көрүп түшүнүп калышты. Мындай акциялар бир гана китепканаларда эмес, өлкө аймагында өткөрүлсө жакшы болмок", - деди Оркошева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolotov8686
2017-02-07 15:51:14
Талас обласынан башташ керек бул акцияны.
0
Ali-91
2017-02-07 21:54:33
Bolotov8686,
Ток этер жерин,таамай айттың го тууган...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан