Бишкек шаарында жашаган эки кыздын Жаңы жыл алдындагы тилеги орундалып, алар президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белекке күчүк алышты. Маалыматты 7-февралда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев мамлекет башчынын атынан батыш-сибирь лайкасы породасындагы күчүктөрдү Самира жана Хадиже аттуу кыздарга берип келди.
Эске салсак, буга чейин ысык-көлдүк кызга Орусиянын президенти Владимир Путин белекке күчүк берген эле. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жашаган 10 жаштагы Дарья Яицкаяга белекти Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько жеткирип берген.