Түп районунда тоого мал айдап барган 13 жаштагы баланы кар көчкү басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 11:30 чамасында Түп районундагы Сан-Таш айыл аймагына караштуу Кең-Суу айылындагы тоодо кар көчкү жүрүп, бир адамды басып калган.
"Тоого мал айдап барган 2 баланын бири аман калып, экинчиси 2004-жылы туулган Б. у. Ө. кар көчкү астында калган. Айылдын тургундары баланы көчкүнүн алдынан чыгарып Сан-Таш айылындагы ФАПка жеткиришкен, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.