Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда 1 мыйзам долбоору карала турган болду. Тиешелүү чечимди комитеттин мүчөлөрү кабыл алышты.
Отурумдун күн тартибине 6 мыйзам долбоору киргизилген болчу. Бирок депутаттар 5 долбоордун төртөөсүн 2 жумага жылдырууну, бирин чакыртып алууну сунушташкан. Жыйынтыгында, күн тартибине ылайык, 1 мыйзам долбоору талкууланмакчы. Ал - Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору.
Мындан тышкары депутаттар онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы менен контролдук-кассалык жабдууларын фискализациясы боюнча маалыматты угушат жана «Өкмөттүк күн» өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышат.