Дүйшөнбек Зилалиев: "Энергетикалык кубаттуулуктун интерактивдүү картасы өлкөнүн бардык аймагына киргизилет"

Энергетикалык кубаттуулуктун интерактивдүү картасы Кыргыз мамлекетинин бардык аймагына киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында энергетикалык кубаттуулугунун интерактивдүү картасы ишке кирди.

“Картаны ишке киргизүү коомчулуктун талабы болуп эсептелет. Бизнес чөйрөсүндө бул картага каршы болгондор болду. Интерактивдүү карта коррупция менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”, -деди.

Аталган комитетте картанын презентациясы депутаттардын колдоосуна ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан