Кара-Балта шаарынын мэрлигине талапкер Данияр Шабданов ага каршы өткөн митингдерге карабай шайлоого катышарын айтты

Учурда Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Данияр Шабданов ага каршы чыккан митингчилерге карабай мэр шайлоого катышарын бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

"Кара-Балта шаарынын айрым тургундары митинг, маалымат жыйынын өткөрүп, мени каралап жатканы - курулай каралоо. Менин мэрлик кызматка ат салышууга укугум бар, анткени буга чейин мен кызматка келгенден бери 850 орунга ылайыкташкан 3 бала бакча курууга жетиштим. Мындан сырткары өткөн жылы 2 футбол ойноочу аянт ачтык. Быйылкы жылда 30 миллион сомго күрөш залын курууну пландап жатам. Көпчүлүк элге жагуу кыйын экен. Жакшы иштегеним үчүн партия менин талапкерлигимди кайра көрсөттү", - деди билдирди Шабданов.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Данияр Шабданов 2011-жылы калаа башчысы кызматына шайланган.

"Менин үстүмдөн 6 кылмыш иши козголгон деген калп. Туура, мага карата прокуратура 32 чарчы метр жерди сатты деп кылмыш ишин козгогону ырас. Бирок бул өйдө жактан буйрутма болгон. Мен ал жерди эч кимге саткан эмесмин. Жер комиссиясына базарда иштеген адам кайрылып, 15 жылдан бери пайдаланып келген кичи дүкөндүн жерин мыйзамдаштырып берүүнү суранган. Ал учурда жер сатып алуучу адам паспортунун көчүрмөсүн көрсөтүп документтештирген. Кийин комиссия жер сатып алуучунун паспортунун түп нускасын сураганда ал Казакстандын атуулу болуп чыккан. Документ жарым-жартылай гана бүткөн. Мындан улам мага прокуратура кылмыш ишин козгогон", - деп кошумчалады Шабданов.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу жер маселеси боюнча соттук отурумдун эки жолкусунда утуп алганын айтууда. Маалыматка ылайык, 3-жолку соттук отурум Жогорку Сотто каралып, биринчи баскычтагы райондук сотко кайра карап чыгууга жиберилген.

Эске салсак, Кара-Балта шаарынын тургундары мэрлик кызматка ат салышып жаткан Шабдановдун моралдык укугу жок экендигин, ага нааразычылык билдирип митинг, андан соң маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан