Мындан 21 жыл мурун, 1996-жылы 7-февралда Доминикан Республикасында Пуэрто-Плата-Гандер-Берлин-Франкфурт-на-Майне каттамын аткарайын деп жаткан Boeing 757 учагы Атлантика океанына кулап түшкөн. Кырсыктан 176 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү көз жумган. Ал эми учактын кулашынын себеби ылдамдыкты көрсөткүчтүн иштебей калуусу жана башкы учкучтун катасы экендигин билдиришкен. Учакта Доминикан, Түркия, Польша жана Германиянын жарандары болгон.
7-февралга карата жылнаама.