"Акылдуу" эсептегичтер чуусу Жогорку Кеңештин депутаттарына жетти

Электр энергиясы боюнча "акылдуу" эсептегичтерди ишке киргизген чиновниктерден жооп талап кылуу керек. Бул тууралуу 7-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

"Электр энергиясын пайдаланганы боюнча эсептер баш аламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, экинчисине көп келүүдө. Эмне үчүн башында эле бирдиктүү серверлер орнотулган эмес? Өткөн 5 жыл аралыгында 115 миң "акылдуу" эсептегич орнотулса, 21 гана көзөмөлдөөчү инспектор кыскартылыптыр. Мурда башкача сүйлөшүлгөн болчу. Эми аны ишке киргизген кызмат адамдары жообун бериши керек", - дейт депутат.

Рыспаев өлкөдө жалпысынан 1 миллион 300 миң "акылдуу" эсептегич орнотулушу керектигин, буга чейин орнотулган жабдуулар жалпы пландын 9 эле пайызын түзөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, эл арасында пайдаланган электр энергиясы туура эмес эсептелип жатканына нааразылар акыркы күндөрү көбөйүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bolotbeck1983
2017-02-08 00:08:05
Урматтуу окмот окулдору, менин оюмча электр энергиясынын кошумча алтернативдик булактарын онуктуруу керек(шамал,кун энергиясы). Же болбосо карапайым калкты кууратпай кайра жыргатуу керек, экспорттоону токтотуп ар бир уйго уч фазалык электр энергиясын тартуу керек.
+1
bolotbeck1983
2017-02-08 00:10:32
Жонокой эле мисал, азыркы заманбап техника учурунда тутотуп коломтодо тамак бышырган жакшыбы же электр мешиндеби? Экологиялык таза колдонуу.
0
Kitep
2017-02-08 06:11:46
кээбир счетчиктер ашыкча эсептейт экен.
уйдогу баардык электричестваны очуруп,100ватт лампочка менен 1саат иштеткенде счетчиктин эн акыркы саны 1ге которулуусу керек экен(мисалы 3тон 4ко)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан