Бүгүн, 7-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Эки адамдын башы бириккен жерден “интернетте бир оюн чыгыптыр, анын айынан балдар өмүрүнө кол салып жатышыптыр” дегенди угуу бир аптадан бери кадимки көрүнүшкө айланды. Адегенде кыргыз коомчулугунун интернетте активдүү болгон катмары дүрбөлөңгө түшүп, анын толкуну менен медиа чөйрө, Билим берүү жана илим министрлиги, укук коргоо органдары баштаган мамлекеттик түзүмдөр, ата-энелер жана башкалар ойгонуп, ансыз да рак шишиги сыяктуу билинбей чоңоюп келген көйгөйгө бүтүндөй калктын көңүлү бурулду. “Өспүрүмдөрдү өлүмгө түртүп жатат деген интернеттеги оюндар иш жүзүндө суицидге алып келген факторлордун эң акыркысы болуп саналат”, “оюндун эрежесинде айтылгандай, 50 күндөн кийин эле өмүр менен кош айтышуу мүмкүн эмес, өз жанын кыйчулар өспүрүм болсо деле мындай кадамга жылдап бышып барышат” деген сыяктуу акылга салып жазылган интернеттеги комментарийлер көз жаздымда калып, көпчүлүк “саманкана өрттөндү десе, Самаркандды өрт алды” болду. Бул теманын көбүртүп-жабыртылып жатышынын залалдуу жагы Вертердин эффектисин жаратышы мүмкүн. Социолог жана психологдорго тааныш бул эффект Иоганн Гётенин каарманынан улам аталып калган. Чыгарманын аягында өз жанын кыйган башкы каарман Вертерди туурап окурмандардын арасында өз өмүрүнө кол салгандардын саны көбөйүп, бул окуя көп жолу иликтенип, изилдөөгө алынган. Жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан суицид канчалык көп чагылдырылса, анда ошончолук деңгээлде өз жанын кыйгандар көбөйөрү аныкталган. Бул маселенин бир жагы.
Өлкөдөгү өспүрүм кыздар-балдардын ата-энелери жалпы жонунан 35-50 жаштагы куракты камтыйт. Ал эми бул катардагы калың катмарды жарандык активдүү позициядагылар, Орусия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөндөр түзөт. Балдарын алыс-жакын туугандарына таштап, жетиштүү көңүл бөлүүсүз, кароосуз, мээримсиз чоңоюп келе жаткан муундун көйгөйлөрү айланып келип эле алардын тагдырын чечүүчү себептер болуп чыгууда. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн көбүнесе ата-энеси мигрант же ата-энеси жок, үй-бүлөдө кордук-зомбулук көргөн, мектеп рэкетчилигинен же жоопсуз сезимдерден жапа чеккен болуп чыгышы да бекеринен эмес. Бул сыяктуу факторлорду эсептеп отурсак, бели ката элек жатып оор тагдырга туш болгон балдардын кайдагы бир интернеттеги оюндан өлүп калуусуна ишенүү кыйын болуп чыгат. Акыркы апта ичиндеги суицидге кабылган өспүрүмдөрдүн биринин да өлүмүнө Ички иштер министрлиги “ооба, сөз болуп жаткан интернеттеги оюндун айынан болду” деп жооп айтпаганы ошондон болуш керек. Тийиштүү мамлекеттик мекемелер “Иликтөө жүргүзүп чыктык. Ызы-чуу түшпөгүлө. Балдардын өлүмүнүн чуулуу оюнга тиешеси жок экен” деп да айтпай жатышынын себеби башкада болушу мүмкүн. Интернеттеги оюн чуусу өкмөткө керектүү эффектти берди. Боинг кырсыгы, учактагы кандуу жүктүн ээси, компенсация, эл чогултуп жаткан жардам тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук тизмелеп жарыялабай жатканы жана башка ушул сыяктуу коомдун тыкыр байкоосундагы, талкуусундагы окуялардан элди алаксытты. Бул жагынан алганда оюн чуусу “малдын канын соруп кетчү табышмактуу чупакабра” сыяктуу болду. Өкмөткө катуу нааразычылыктар жаралып, катуу сындар айтыла баштаганда пайда боло калчу чупакабранын чуусунда андай жаныбардын дүйнөдө жоктугу, болуп көрбөгөндүгү да элди ишендире албай, аягы жолбун ит болуп чыкты деп басаңдап калган. Бүгүнкү күндө массаны башкарууда мындай технологиялар колдонулбайт деп кесе айтуу мүмкүн эмес...
“Азыр милицияда 20 миң кызматкер иштейт. Алардын арасын тазалоо зарыл. Улан Исраилов - таза адам. Иштей алат, жок дегенде бир жыл бериш керек” деп мүнөздөлгөн президенттин кадры арыздын артынан арызга кол коюп баштады. 3-февраль күнү Ички иштер министрлигинде өткөн коллегиянын жыйынтыгы боюнча министрликтеги 30дай жетекчи дисциплинардык тартипте жазаланды. Кызматына дал келбейт деген негизде айрымдар креслосунан ыргый башташты. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Ботобаев... Кызматтан алынган 30 жетекчинин ичинен аты-жөнү ачыкка чыккандар ушулар болушту. Мындан улам "Келгенине 3 ай болгон жаңы министр катарды татыксыз кызматкерлерден тазалоого кириштиби?" деген суроо жаралат. Же бул тазалоо ишти жакшыртууга, коррупциялашкан системди жоюуга тиешеси жок эле “бөтөндөрдүн” кадрларынан арылуубу?..
Орусия Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын куруу долбооруна коротулган каражат боюнча миллиондорду төлөп эл аралык аудит жүргүзүүгө кызыкдар эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Өткөн жылдын декабрь айында жогорудагы долбоорду иш жүзөгө ашырмак болгон “РусГидро” компаниясы короткон каражатты өндүрө албаса, анда Кыргыз мамлекетин сотко берет деген маалымат бир топ ызы-чууну жараткан. Инвестор сарптаган акча 36 миллион доллардын тегереги, ал эми аудитке керектелчү каражат 1,5-2 миллион долларды түзөт деп болжолдонууда. 2 миллион доллар мамлекетибиздин бюджети үчүн чоң акча, аудитти өткөрүүгө белсенген күндө, Кыргыз бийлиги күткөн жыйынтыкка ээ болгон саатта деле Орусия аудиттин бүтүмүн тааныбай коё алат. Айтор, бул иштин аягы кумга сиңгендей эле жиксиз жоголуп, Кыргыз тарап 36 миллион доллар чын эле коротулдубу, жокпу, Орусия тарапка төлөп калганы турат...