Балага туура тарбия бериш үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? "СУПЕР ТВ" бөлүмүнүн кабарчысы балдар психологунан бул суроого жооп алды.
Бардык ата-эне балдарынын мыкты адам болушун каалайт. Айрым бир турмуштук кырдаалдар бала тарбиялоодо чоң катачылык кетирүүгө алып келет. Сюжетте жаш ата-энелер бала тарбиялоодо көп кетирген негизги 8 катачылык айтылат. Алардын бири - бала менен болгон байланыштын жоктугу. Психологдун айтымында, эгер сиздин үйдө мындай көрүнүш көп болсо, балаңыз бара-бара сиз менен ачык сүйлөшпөй калат. Балаңыздын айткандарына көңүл бурбоо, укмаксанга салуу менен сиз анын айтыла турчу ойлоруна, сүйлөшүү каалоосуна бөгөт коёсуз. Жыйынтыгында ал сизге өзү тууралуу көп нерсе айтпай калышы мүмкүн.
Балаңызга туура тарбиялоо берүү үчүн сюжетти көрүп, сабак алыңыз.