Чүйдө Патрулдук милиция кызматкерин сабап, табелдик куралын тартып алгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 6-февраль күнү саат 23:40 чамасында Чүй облусунун Москва районунда болгон. Анда Патрулдук милиция кызматкери жол эрежесин одоно бузган айдоочуну токтоткон, бирок ал ага баш ийбей унаасын айдап кете берген. Акыры Петровка айылындагы турак үйлөрдүн бирине токтоп, унаанын ичинен жана турак үйдөн чыккан белгисиз адамдар Патрулдук милиция кызматкерин коркутуп, денесине зыян келтиришкен. Ошондой эле унаасынын номурун, табелдик куралын тартып алышкан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган А.Б., 1995-жылы туулган А.А., 1989-жылы туулган У.Э., 1993-жылы туулган Б.А. жана 1993-жылы туулган А.Бны кармашкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.