ЖЫЛНААМА, 8-ФЕВРАЛЬ: Техника илимдеринин доктору, академик Илгиз Айтматов 86 жашка толду

Техника илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Илгиз Айтматов 86 жашка толду. Ал 1931-жылы 7-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1954-жылы Москвадагы Геология-чалгындоо институтун бүтүргөн. Геология башкармалыгынын геология-чалгындоо партиясында жана Кыргыз мамлекетиндеги Каменск экспедициясында инженер болуп иштеген. СССРдин Илимдер академиясынын тоо-кен иштери боюнча инcтитутунда аспирантурада окуп, кийин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Физика жана тоо тектеринин механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун илим боюнча орун басары, мүдүрү, ИАнын физикалык-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеп келген.

И.Айтматов техникалык илимдердин доктору, профессор. Кыргыз улуттук ИАсынын академиги, корреспондент-мүчөсү, Эл аралык илимдер академиясынын мүчөсү.
150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын автору. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамилекеттик сыйлыктарынын ээси, КРнын Илимге эмгек сиңирген ишмери, эл депутаты (1990-1995), президенттик кеңештин мүчөсү (1990-1991), илим, техника, өнөр жай, энергетика жана байланыш боюнча Жогорку Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы (1990-1991).

8-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан