Кадамжай районунда турак үйдө өрт чыгып, кызга даярдалган сеп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 7-февраль күнү 16:58 чамасында келип түшкөн. Анда аталган райондун Сухана айылында турак үй өрттөнүп жатканы айтылган. Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 18:58де толук өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 сыналгы, компьютер, принтер, 4 килем, 20 төшөк, жыгач эмерек, 2 ашкана эмереги, 9 миң сом акча каражаты, уктоочу эмерек, 2 паспорт, 2 диплом жана кызга даярдалган сеп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгышына меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.