Өзгөн районунда кар күрткүсүнөн улам жабылган ички чарбалык жол тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-февраль түнү катуу шамал болуп, Ийри-Суу-Ор-Казган ички чарбалык унаа жолунун 3 тилкесинде кар күрткүсү пайда болгон. Анын кесепетинен жалпы узундугу 18 чакырымды түзгөн жол жабылып калган. Ор-Казган айылына буруучу жолдо кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрди түзгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 бульдозер тартылып, 7-февралда унаа жолдун 12 чакырымы тазаланган. Тазалоо иштери бүгүн дагы уланат.