Жогорку Сот мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров боюнча козголгон кылмыш ишин 8-майда карайт. Мындай маалыматты айыпталуучунун жактоочулары кабарлашты. Эске салсак, Сабиров коррупциялык иштер боюнча айыпталууда. Алгач райондук сот аны күнөөсүз деп таап, кийин 7-мартта шаардык сот 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми пара алуу ишине катышкан жардамчысы Тахир Мирзахмедовду 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыккан.