Бүгүн, 8-февралда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоонун экинчи туру өтөт. Бул тууралуу БШКнын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сосновка, Кара-Булак, Кызыл-Октябрь, Курамин, Тилек айыл өкмөт башчылары, Кант жана Кара-Балта шаарларына мэр шайланат. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда Жаңы-Жол жана Базар-Коргон айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт.