Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында ишке орношуп жаткан жарандардын соттуулугун аныктоо жүрүмүн кайрадан ыраатташтырууга, административдик жол-жоболорду кыскартууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, ишке орношуп жатканда адамдын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалыматты жаран өзү эмес, жумуш берүүчү тарап суратып алышы керек. "Соттуулугу бар адамдардын электрондук маалымат базасы түзүлмөкчү. Бул база иш берүүчүгө тиги же бул ишке атаандаштык кылган адамдарды өз алдынча текшерүүгө мүмкүндүк берет", - деди депутат.
ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асановдун билдиришинче, өлкөдө адамдын соттолгону же соттолбогону тууралуу маалыматты берүүчү терминалдар орнотулууда. "Жарандарга берилген соттуулук боюнча маалыматтар үчүн алынган каражат толугу менен республикалык бюджетке түшөт. Учурда аталган терминалдар Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда бар. Жакын арада өлкөнүн башка аймактарында мындай терминалдарды орнотуу пландалууда", - деди Асанов.