Саясат таануучу сот реформаларын тез-тезден талкуулап турууну сунуштады

Бишкекте бүгүн, 8-февралда юрист, саясат таануучу, укук коргоочулардын катышуусунда сот реформалары тууралуу тегерек стол өтүүдө. Анын жүрүшүндө саясат таануучу Бакыт Бакетаев сот реформаларын тез-тезден талкуулап туруу керек экенин айтты.

Анын айтымында, 6 жылдан бери сот реформасына эл аралык уюмдар, депутаттар салымдарын кошуп келишүүдө. Бирок болбой эле коррупцияга такалып жатат.

"Тегерек стол, жыйындар аркылуу талкуулап турсак, сот тартипке келтирилип, эл сотко ишене баштайт. Алар чечимдерин интернетке жарыялап баштаганы жакшы көрүнүш. Бул тууралуу эл окуп турушу зарыл. Анткени эл өздөрүнүн баасын берип турушу керек”, - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан