Алматыда кыргыз номурлары тагылган автоунаалар боюнча рейд жүрөт

Алматыда кыргыз номурлары тагылган автоунаалар боюнча рейд жүрөт. Бул тууралуу Алматы шаары боюнча Мамлекеттик кирешелер департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 1-январынан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген автоунаалар бажы төлөмүнүн, салыктын айырмасы төлөнгөндөн кийин гана Евразиялык экономикалык биримдиктин товары болуп эсептелет. Эгер тиешелүү төлөмдөр төлөнбөсө, унаа Казакстанда чет элдик болуп эсептелет. Аны Кыргыз жеринде туруктуу жашаган жарандар гана ЕАЭБдин аймагында эч кандай төлөмдөрсүз айдап жүрө алышат. Ал эми Казакстандын жарандары айдап жүргөнү аныкталса, административдик жоопко тартылышат.

Буга чейин кыргыз номуру тагылган 306 унаа кармалган. Алардын 44ү атайын жайга киргизилип, 7 автоунаа соттун чечими менен мамлекеттин кирешесине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан