Юрист сот реформасы ишке ашып жатканын айтты

Бүгүн, 8-февралда өтүп жаткан тегерек столдо юрист Константин Куценко сот реформасы ишке ашып жатканын билдирди. Анын айтымында, реформанын пайдубалын байкабай жаткандар болууда.

“Кээ бир жарандарга ишке ашып жатканы жакпай турат. Бул реформадан кийин элдин укугу корголо баштады. Өзүбүздү күзгүдөн көрбөй, башкаларды сындаганды токтотсок. Мыйзамдар, соттор иштеп жатат. Бардык нерсе тез эле болуп кетпейт да”, - деди юрист.

Айта кетсек, учурда юрист, саясат таануучу, укук коргоочулардын катышуусунда сот реформалары тууралуу тегерек стол өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан