Сот реформасындагы негизги көйгөй - коррупциялык схема. Бул тууралуу 8-февралда тегерек столдо "Advocates International" Эл аралык уюмунун мүчөсү Токторбек Ашырбек уулу билдирди.
Анын айтымында, азыркы Конституцияда Жогорку Соттун ыйгарым укугун алып салган.
"2003-жылкы Конституцияда Жогорку Соттун ыйгарым укугу бар болчу. Анда Жогорку Сот ишти карап жатканда жергиликтүү соттун чечимин күчүндө калтырып же өзгөртүшү керек. Эгерде реформа иштебей жатат дей турган болсок, сот системин түп орду менен жоюш керек болот. Көз карандысыз мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн өнүккөн сот системибиз, адвокатурабыз болуусу зарыл. Бирок 25 жылдын ичинде ишке ашат дегенге болбойт", - деди Токторбек Ашырбек уулу.