Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын тургундары авиакырсыктан жабыркагандардын үй маселесин чечүүнү талап кылып чогулушту

Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын 60тай жашоочусу бүгүн, 8-февралда бийлик өкүлдөрүнөн авиакырсыктан жабыркагандарга үй маселесин чечип берүүнү суранып, башка жерге көчүрүүнү талап кылып чогулушту.

"Элди ойлогон киши калбай калды. Бизди башка жакка көчүрсө жакшы болот эле. Эл коркуу менен жашап жатат. Буга чейин бийлик өкүлдөрүнө көптөгөн суроолорду бердик. Жооп жок болууда. Жабыркагандарга компенсация төлөп берүүнү эртелетүүнү талап кылабыз", - дейт жергиликтүү жашоочу Айнура Абакирова.

"Жашоочуларды көчүрүү боюнча бийлик өкүлдөрү элге маалымат бере элек. Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын өзүндө көчүрүүгө муктаж болгон 400гө жакын кожолук бар. Айылга бейтааныш унаа келсе эле жакшы жаңылык күтүп, чогулуп барабыз", - деди жергиликтүү тургун Малика Усенова.

Маалыматка ылайык, учурда айылдын активисттери жабыркаган үйлөрдү жана алардын канчалык деңгээлде жардамга муктаж экенин тактап жатышат. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар митинг өткөрүп, жол тосуудан алыс экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
azamat.k
2017-02-08 13:42:00
Орус сайттарда Дача суу,Кыргыз ММКларда Дачи суу кайсынысы туура.Жанакы 75млн сом ашык чогулуптур МЧСке ошол акчаларды болуп беришбейби нары катып жата бербей.
+4
Patirot
2017-02-08 13:52:42
Чогулган акчаларды не кылып атышат оздорунун чонтонуно тушпосо эле ошолорду болуп бербейби
+6
KGstan1981
2017-02-08 13:57:57
Эгерде элден чогулган 75млн сомду аткаминерлер жеп коюшса 3чу революция башталышы мункун мына азыр эл.энергия кымбатташына элдер наразы болушуп Нарында,Токтогулда митинг откозушту.Мен ойлом всетаки бийликтегилердин авиа кырсыка тийешелери бар.Себеби азырга ч-н жуктун ээси ким экени аныкта элек.
+3
Tima07
2017-02-08 14:56:24
бийликткгилердин шайлоо мезгиде гана жолуктурбаса башка убакта бийликтегилердин эл менен иши да жок телефон бизнес менен кресло менен отставка менен эле алек болуп журо берет
+2
tyrgon
2017-02-09 01:07:17
булар иштебейле элди (бизди) карызга батырып жатышат иштеген иштери корунбойт эмне кылсак экен буларды?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан