Кореяга виза ачып беребиз деген "Бишкек Альянс" компаниясына 6000 долларын алдатып жиберген жаран: "Ал акчаны эжемдин үйүн күрөөгө коюп алгам"

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунун 115 А дарегинде жайгашкан "Бишкек Альянс" компаниясы чет өлкөлөргө виза ачып берүү кызматын көрсөтөт. Аталган компания мындай кызматы үчүн кардарлардан оңой эмес акы алат. Жабырлануучу Марат Акылбеков бул компанияга 6000 АКШ долларын берип, Кореяга кетүү үчүн виза ачтырмакчы болгон. Керектүү документтин баары тез аранын ичинде "даяр болуп", Марат Ким Анатолий деген корей ысымына ээ болууга да жетишкен. Чогулган жасалма документтерди алып Кореянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине виза ачтырууга барган Акылбековго элчилик виза ачып берген эмес. Иштин чоо-жайын тактоо үчүн жогорудагы дарекке келип, "Бишкек Альянстын" бир да кызматкерин таппай калган.

"Ал даректе 1 бөлмөнү ижарага алышып, иш жүргүзүшчү экен. Сыртында "Тез аранын ичинде Кореяга виза ачып беребиз" деген жарнак илинип турчу. Ичинде Карим, Рахат деген адамдар отурчу. Киргенде эле дароо ишенесиң. Алдыларында толгон документтер, паспорттор турчу. Корейче жазуулар, сүрөттөр, колуңа келишимди карматып, окуп таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берет. "Ар дайым байланышта болобуз" деп визиттик карталарын беришет. Кыргыз эле балдар, бирок Ким, Шин деген фамилияларды алып жүрүшчү. Мага Кореяга виза ачуу үчүн фамилия, ысымымды өзгөртүүнү сунушташты. Мамлекеттик каттоо кызматына барбай эле ушул кеңсенин ичинде баары бүтөт деп ишендиришти. Мен бул нерсе мыйзам жолунда болобу деп сурасам, баары жайында дешти. Ошентип процесс башталды. Келишим түзгөндөн 2-3 күн өткөндө Жоомарт деген бала телефон чалып, Чолпон-Ата көчөсүндөгү Мамлекеттик каттоо кызматына келе кал деди".

Жабырлануучунун айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери ушул сыяктуу компаниялар менен тыгыз иштешет. Жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө дайыма ишемби күндөрү жумуш убактылары аяктаганда чакырышчу дейт ал.

"Келинчегиң экөөңөр нике тууралуу күбөлүгүңөрдү, паспортторуңарды алып алгыла. Коридордогу видеокөзөмөлгө көрүнбөй, бат-бат басып, түз кирип кеткиле" деди. Ал жакта бизди Жарандык актыларды каттоо кызматынан бир эжелер күтүп жатышыптыр. Кирип даяр бланктарга кол коюп чыгып кеттик. Ошондон 2-3 күн өтпөй Сайкал деген эже чалып, филармония жакка келе кал деди. Барсам бир кымбат унаада отуруптур. Артымда апамдай эле болгон корей улутундагы аял отурган экен. Актай баракка кол койдуруп туруп кетирип жиберишти. 2-3 күндөн кийин өзүмдүн аялым менен ажырашкандыгым тууралуу документтер жана тиги апамдай болгон корей аял экөөбүздүн жарандык күбөлүгүбүз даяр болуп калыптыр".

Кореяга кетүүгө этникалык корейлерге виза ачуу оңой дешет. Мындан улам Марат Акылбековду Ким Дора аттуу корей улутундагы аялга "үйлөнтүп", анын фамилиясын алып беришкен. Ошентип Мараттын ысымы Ким Анатолий Акылбекович болуп өзгөртүлгөн.

"Негизи, мен Нарын облусунун Ат-Башы районунда каттоодо турам. Аты-жөнүмдү өзгөртүш үчүн туулгандыгым тууралуу күбөлүктөн бери алмаштырып, анан мындай иштерди мен кайсы жакта каттоодо турсам, ошол жактын Каттоо кызматы бүтүрүшү керек болчу. Анан кайдан-жайдан эле Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борбору бул иштерди бүтүрүп жатат деп таң калдым. Бул суроомо алар чогулган документтин баарын Нарынга жиберебиз дешкен. Өзүм да аябай таң калдым. Паспортту 5 эле мүнөттүн ичинде алып, аялың менен 5 мүнөткө жетпей ажыраштырып коюшат турбайбы деп".

"Бишкек Альянстын" кызматкерлери виза даярдап, паспорт алып бергенден тышкары Кореядан жумуш таап берип дагы кызмат көрсөтүшөт экен. Мындай кызматы үчүн алар М.Акылбековдон 50 миң сом сурашкан.

"Ошол Жоомарт деген бала менен тааныш болуп калдым. Ал "Кореяга барганда жумуш керек да. Кааласаң 3000 долларлык жумуш бар, курулуш иштерин жасайсың. Ал үчүн мага 50 миң сом бер" деди. Сүйүнүп кетип, борбор калаадагы "Орто-Сай" базарынан жолугуп 50 миңди санап бергем. 2016-жылдын октябрь айында компанияда иштеген Рахат деген эже Кореянын элчилигинин кеңсесине чакырды. Барсам Жоомарт да ошол жерде экен. Колума 1 папка жасалма документтерди берип элчиликке киргизип жиберишти. "Жасалма нерселер менен кантип виза алам, бербей коюшсачы?" десем, "баары сүйлөшүлгөн, кире бер" деп коюшту. Ал жакта документтерди кабыл алган бала "сүрөтүңдө көзүң жашыл болуп калыптыр, алмаштырып кел" деди. Эшикке чыгып Жоомартка чоо-жайды түшүндүрсөм, "Элчиликке берчү 100 долларды, паспортуңду жана бул документтерди таштап коюп кете бер. Мен өзүм өткөрүп коём" деп мени кетирип ийди. Ошону менен күтүп жүрө бердим. Анан 2 аптадан кийин элчиликтен "виза бере албайбыз" деген билдирүү келди. Тиги компанияга баш-аягы 6000 доллардан ашык төлөгөн акчамды кайтаргыла деп чалып да, барып да жүрдүм. Жаңы жылга жакын телефон номерлердин баарын өчүрүп, өздөрү кеңсесин таштап качып кетишти".

Марат Акылбеков мынча акчанын баарын эжесинин үйүн күрөөгө коюп, насыяга алган. "Эми анын да ай сайын үстөгүн кошуп төлөп туруу моюнумда. Ишимден да ушул иштер менен жүрүп бошонуп алгам", - дейт ал. Каарманыбыздай болуп алданып калган жарандар ондоп саналат. Аталган компаниянын үстүнөн арызданып жарандар Свердлов РИИБине кайрылышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, бирок тийиштүү шектүүлөр кармала электигин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жогорудагыдай көз боёмочулар менен тыгыз байланышта иш алып барып, кызматтык абалдарынан пайдаланышары чынбы, дегеле ысым алмаштыруу, никедеги жарандардын ажырашуулары тууралуу документтердин даяр болуу мөөнөтү канча убакытты талап кылат деген сыяктуу суроолорго кийинки кабарларда маалымат бермекчибиз.

"Кореяга виза ачтырууга 7 миңдей АКШ долларын бергем, алданып калдым"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nur1k
2017-02-08 15:18:27
Жеп ичмей, алдамай деги койчу биздикилер бир жолу эле олдуго. Тезинен таап жазасын бергиле
+7
Afina
2017-02-08 15:18:43
канча адамды сыздатып атышат! мындай иштер мн жөнөкөй жарандар эмес чон кызматта отургандарда алектенет! АКШга кетире калам деп 10мин$ алып эми дайны жок, болбосо эл ге аттын кашкасындай таанымал адам! Андай чон кызматта отургандарга артын тазалаш да оной боло тура! Эч нерсе кыла албай эле калып калдык 10мин$дын 10 тыйыны жок!
+5
Afina
2017-02-08 15:21:00
Айткым келгени абайлагыла! Бир жака оной кетире калам десе ишенбениздер! Мындай алдамчылар көбөйүп баратат окшойт! Бийлик катуу көзөмөлгө алюаса! канча адамды сыздатып атат!
+3
magnat1013
2017-02-08 15:30:03
Баш иштебесе буттун шору болду го
+1
Izdeim_seni.
2017-02-08 15:49:04
Ишенген байкелери бар го агентство кызматчыларынын. Болбосо мындай Иштер менен жонокой адамдар шугулдана албайт. Паспорт жасаткан оной иш эмес ко
+5
Seryi-Kardinal
2017-02-08 16:16:35
aitsa ele iwene bergen sen da kyzyk ekensin
-2
nurzada78
2017-02-08 16:19:51
Фамилия,атын озгортобуз дегенде эле,ойлонуп макул болбош керек эле! Визаны аты,жонун озгортпой эле алса болот го!
+5
kamchatka
2017-02-08 17:00:39
Ошол алты мин долларды ушул жерде эле иштетсен болбойт беле алты минге эки айда эле тапмаксын
+1
Adil706070
2017-02-08 17:20:39
Мамлекеттик каттоо кызматын туп тамыры менен реформалаш керек .Тайырбек Сарпашев олтурган жер,коррупцияга баткан жерлер.Ошондой май кол сут кол жерлерде шымаланып иштеп келет.Канча деген болок олконун вор закондору биздин паспортторду алып журушот,кытайлар,дунгандар,уйгурлар ,дагестандыктар,турктор,тажик,озбек айта берсен биздин паспорт сатылып калгандай ачык эле
+3
gulmira12345
2017-02-08 18:09:50
баланын озу башы иштевейби
-1
chon-alai90
2017-02-08 22:22:28
Бул жерди жакшы билем мен дагы баргам менда акча бергем 3000 доллар бирок уч айдан кийин кайра алганмын акчамды карим берген алдаваш керек бироосу кеткенда кореяга
0
Zarijun
2017-10-06 09:03:18
Жабырлануучулар менен кантип байланышса болот? Менда ошолордун катарындамын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан