Мындан 292 жыл мурун, 1725-жылы 8-февралда Орусиянын биринчи императору Пётр I 53 жашында көз жумган. Ал 1672-жылы 9-июнда Кремлде төрөлгөн. 1682-жылы 10 жашында өзүн жана бир тууганы Иванды падыша деп жарыялоо салтанаты өткөн. 7 жылдан соң гана Пётр мамлекетти жалгыз өзү башкара баштаган. 1697-жылы Пётр Михайлов ысымы менен Европага саякатка чыгып, артиллериялык ишти өздөштүргөн. 1721-жылдын октябрь айында Улуу Түндүк согушундагы жеңишинен соң император титулуна ээ болгон.
1703-жылы 27-майда ал Петропавловск чебинин курулуш иштерин баштаган. Кийин бул жер Санкт-Петербург шаары деп аталып, 1712-жылы Орусиянын борбору статусун алган. 1711-жылы Пётр Бояр Думасынын ордуна Сенатты түзгөн. Ал Орусиянын башка өнүккөн өлкөлөрдөн артта калбашы үчүн жаңы реформаларды киргизип, өлкөнүн ар тараптуу өнүгүп-өсүшү үчүн бардык күч-аракетин жумшаган. Ошондой эле ал бийликте турган мезгилде Камчатка Орусияга биригип, Каспий деңизинин жээги багындырылган.
8-февралга карата жылнаама.