Токтогулда электр жарыгынын баасына нааразы болгон эл митингге чыкты

Токтогулда электр жарыгынын баасына нааразы болгон эл митингге чыкты. Бул тууралуу 8-февралда SUPER.KG порталына аталган шаардын тургуну кабарлады.

Белгилүү болгондой, 150дөн ашуун шаар тургундары электр энегриясынын баасына нааразы болуп, тынчтык митингине чыгышты. Алар менен "Энергохолдинг" компаниясынын өкүлдөрү, райондун акими жолугушуу өткөрдү. Митингдин катышуучулары электр энергиясына болгон тарифти арзандатуу жана Токтогул районуна берилген өзгөчө макамын кайтарууну талап кылышты.

Холдингдин өкүлдөрү митингчилердин талабын жетекчиликке жеткирип, жообун 27-февралда беришерин убадалашты. Учурда нааразылык акциясына чыккандар тарап кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
KGstan1981
2017-02-08 13:48:11
Бакиевти кетирип жыргал керемет жашоо болот деп журдунор АШАнын убагында продукталар, эл.жарыктыкка б-н баа кымбаттап карызыбыз 5 млрд $га жеткени калды.
+16
tulpar90
2017-02-08 13:51:03
Бакиев Курманбек Салиевич тез тез келип оңдо .
+5
Seiil.94
2017-02-08 14:00:09
Президентибиз Атамбаев жакшы эле иштеп жатат.Акаев,Бакиев,Отунбаева дан беери эле ошол корунуш."Жаз жаткан катын ,кыш каткан катын"болбой жазда тезек терип албайсынарбы анан.
-19
nemo2016
2017-02-08 15:52:46
Seiil.94,козго корунорлук эмне иш кылды айтчы
+3
nur_zhoni
2017-02-10 20:44:35
Seiil.94,сен ашанын тарабын талаша берет экенсин кимсин озу
0
stimyl.kg
2017-02-08 14:16:46
Элдин нааразычылыгы кучоп барат президенткке.
+11
dina1983-19
2017-02-08 14:26:25
Элди ойлогон адам барбекен а
+8
Nur1k
2017-02-08 15:10:29
Бакиевдин убагында деле Атамбаев бийлеп турган да деле жашоо бирдей эле начар! Карызыбыз паланча миллиард болуп кетти дегендерге айтат элем азыр Бакиев президент болгондо деле ушундай болмок же ал озунун чонтогунон бюджетти толтуруп кыргызстанды онуктурмок беле? Эмнеси болсо да жакшы элин жерин ойлогон президент келсин деп ниет кылалы
-5
Adambol
2017-02-08 15:57:12
Бакиев президент болуп турганда кул болуп калмакпыз азыр. Максим баш котортпой калмак. Воздухада акча толото баштамак
0
Atas
2017-02-08 16:11:18
Adambol, Туура 100 %
-3
nur_zhoni
2017-02-10 20:46:09
Adambol,кай жеринден пал ачып жатасын
Кытайлар калтырбадыго алтын сурма баарын алып кетип
Атына затын жарашбаган жан экенсин
0
A.Alymbek
2017-02-08 19:03:00
27 феврал анан 15 март анан 20апрел анан жаз жарыш , пикетке келгенге элдин убактысы жетпей калат .эптеп эле убакыт созмой....... куйуп кетесин го, бул пикет болот деп мурда эле эскертилген , ошого келген бийлик окулдору биротоло даярданып келишпейби. Эмне энергохолдингдин жеткечилери свет кымбат экенин билишпейт бекен...
0
Totyua.71.
2017-02-09 06:58:23
Элдин жашоосу баягыдай, эл жерибиз укмуш болуп гулдоп кетти дейсинерби? Ажолор алмашып эле жыргап кеткен жокпуз, эл эптеп септеп оз арабаларын тартып жашап жатышат,бийликтегилер элдин эсебинен байып жашап жатышат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан