Эксперт: "Соттук реформа боюнча дайыма коомго ачык-айкын отчёт берилиши керек"

"Сот реформасы боюнча дайыма коомго ачык-айкын отчёт берилип турушу керек", - деп билдирди бүгүн, 8-февралда тегерек столдо юридика илимдеринин доктору, эксперт Кайрат Осмоналиев.

Анын айтымында, бул тармакта мониторинг өткөрүп туруу зарыл. "Сот реформасы биздин өлкөдө аябай көйгөйлүү болуп жатат. Отчёт берилип турса, татыктуу эмес соттор болсо өздөрү качат. Коррупция менен күрөшүүнүн толук аткарылышына көзөмөл болбой жатат. Башкы прокуратурага караган эксперттин тобу бар. Ал топту деле формалдуу түргө айландырып койгон", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан