Мамлекеттик чек ара кызматынын "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынын мурдагы башчысы Талгат Аланов кызматтан негизсиз алынганын айтып, бүгүн, 8-февралда маалымат жыйын өткөрдү.
Анын айтымында, кызматтан алынышына айрым адамдар кызыкдар.
"2016-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын 26-январына чейин "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынын башчысы кызматында иштедим. Ошол убакта мыйзамсыз күйүүчү май ташуу боюнча 4 факт аныкталды. 26-январь күнү Казакстандан 28 тонна күйүүчү май мыйзамсыз ташылып келе жаткан жеринен кармалган. Оор жүк ташуучу унаада цемент бар делген менен, ичинде күйүүчү май болгон. Бирок мен эмнегедир ошондон кийин кызматтан алындым. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ички коопсуздук кызматынын башчысы Асылбеков чакырып алып "Постко жатып алып иштеп жатыпсың го, жүктөргө аралаша бербе. Сенин негизги милдетиң - чек арадан мыйзамсыз өткөн адамдарды кармоо" деди. Адилетсиз болуп жатканын айтып, төрага Касымкуловго бардым, ал кабыл албай койду. Текшерип кылмыш ишин козготобуз дешет. Текшерсин, 35 жашка келдим, туруктуу жашаган үйүм, айдап жүргөн автоунаам жок. Ушул убакка чейин батирде жашап келдим", - дейт Аланов.