Аида Салянованын иши боюнча депутаттык комиссияны түзүүгө 105 депутат макул, 2 депутат каршы болду
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага ("Ата Мекен") карата козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлөт. Тиешелүү чечим бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Жалпысынан катталган 114 депутаттын 105и "макул", 2 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди, 7 депутат добуш берүүдөн баш тартты.
"Каршы" добуштар Анвар Артыковдун (КСДП) жана Урмат Самаевдин ("Кыргызстан") компьютерлеринен берилген, бирок добуш берүү учурунда Самаев жыйында болгон эмес. Добуш берүүдөн баш тарткандардын алтоосу КСДПдан, бири "Бир болдон" экени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө. 1-февралда Аида Салянова Улуттук коопсуздук комитетинде 4 сааттан ашуун убакытка созулган суракка алынган.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.