Өлкөдө 2016-жылы 205 миллиард сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө 2016-жылы 205 миллиард 265,6 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер алдын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин жыл жыйынтыгын чыгарчу коллегиясында төраганын орун басары Кубан Мырзаканов билдирди.

Анын айтымында, бул “Кумтөр” ишканасын эске албагандагы көрсөткүч. “Өткөн жылы металлдык кенди өндүрүүдөн өнөр жай продукциясы 3,7 пайызга камсыздалды”, - деди ал.

Ошол эле учурда төраганын орун басары 2015-жылга салыштырмалуу кийим чыгаруу 20 пайызга, текстиль өнөр жайы 12,6 пайызга, минералдык азыктар 8,4 пайызга аз болгонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан