Президенттик аппарат: "Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы, кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетпейт"

Орусиялык "ftimes" басылмасы аталган өлкөнүн президентинин иш сапары тууралуу жазган макаласында Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн жарыялап, астына "Алмазбек Атамбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу кызматтан кетерин билдирди" деп жазды.

Бул боюнча бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына президенттик аппараттан: "Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы. Учурда министрлерди кабыл алып, иштеп жатат. Анын ден соолугуна байланыштуу кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетери - ушак", - деп билдиришти.

Айта кетсек, президенттин кызматын тапшырары тууралуу жазылган материал 6-февраль күнү жарыяланган. Анда Орусиянын президенти февраль айында Борбор Азиядагы төрт мамлекетке иш сапары менен бара тургандыгы белгиленет. Анын ичинде Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан менен кошо Кыргыз Республикасы да бар экени айтылат. Буга чейин В.Путиндин февраль айында Бишкекке келери жазылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан