2016-жылдын апрель-июнь айларында Казакстандан 133,163 миллион киловатт-саат электр энергиясы өлкөгө импорттолгон. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер алдын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин жыл жыйынтыгын чыгарчу коллегиясында аталган комиттеттин төрагасынын орун басары Азамат Ормонов билдирди.
Анын айтымында, импорттон тышкары 1 киловатт-саат 43,8 тыйынды түздү. Ал эми 2015-жылы 45,4 тыйынды түзгөн.
“ЖЭБдеги электр энергиясын иштеп чыгуусундагы үлүшүнүн жана импорттун азайышынан баа төмөндөгөн. "Электр станциясы” ишканасы 12 миллиард 843 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыккан. План боюнча 13 миллиард 225,91 миллион киловатт-саат болчу. Ошондо 97 пайыз аткарылды. 2015-жылы 100,5 пайыз ишке ашкан”, - деди ал.