Айрым энергетикалык компаниялардын жетекчилерине сөгүш жарыялоо сунушталды

Өнөр жай, энергетика жана жер алдын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов энергетикалык компаниялардын айрым жетекчилерине сөгүш жарыялоону сунуштады.

Алар:

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Таалайбек Толубаев жана анын орун басары Аскаралы Кайбалиев;

“Түндүк электр” ишканасынын техникалык директору Темиркул Дайыров жана компаниянын экономика боюнча директорунун орун басары Нурбек Беделбаев;

“Жалал-Абад электр” ААКнын башкы директору Кеңешбек Мамаканов;

“Бишкек жылуулук тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун биринчи орун басары Уран Раимбеков жана техникалык директору Михаил Курганов;

“НЭСК” ААКнын биринчи орун басары Алексей Бородиндин кызмат ордун карап, башкы директору Медетбек Айткулов сөгүш жарыялоо.

Ал эми комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев бул сунушту Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевге карап көрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан