Мындан 36 жыл мурун, 1981-жылы 8-февралда Грециянын "Караискакис" стадионунда "Олимпиакос" жана "АЕК" футболдук клубдарынын ортосунда беттеш өтүп, ал жыйынтыкталганда тыгын жаралган. Анын кесепетинен 21 адам курман болуп, 55 киши жаракат алган.
Полициянын билдиргенине караганда, футболдук оюн аяктагандан кийин стадиондун 7-эшигинин тепкичинин акыркы баскычынан бир адам чалынып кулап кеткен, анын үстүндө тургандар дагы кулап, 19 киши ошол жерден көз жумган. Ал эми 2 адам ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.
8-февралга карата жылнаама.