Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы майор Талгат Алановдун ээлеген кызматынан бошотулганы боюнча билдирүү таратты. Анда анын адилетсиз бошотулгандыгы жөнүндө билдирүүсү чындыкка дал келбестиги айтылган.
"Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын кесип өткөн жарандын арызынын негизинде кызматтык иликтөө жүрүп, 2017-жылдын 23-январында Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматынын Кадрлар башкармалыгынын карамагынан чыгарылган.
Кызматтык иликтөөнүн материалдарына ылайык, 2016-жылдын 17-декабрында Алановдун жетектөөсүндөгү чек ара кезмети салык инспекциясынан маалым каттын жоктугуна шылтоолоп, “Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Казакстандан Кыргыз Республикасына келе жаткан жүктү өткөрүүгө тоскоолдук жасаган. Ошол эле учурда арыздануучунун айтымында, анын унааларын киргизбөөгө кол астындагы аскер кызматкерлерине Аланов өзү көрсөтмө берген.
Мамлекеттик чек арадан жүктү тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн Т.Алановдун кол астындагы чек арачылар жүктү коштоп бара жаткан адамдан Т.Алановго берүү үчүн сыйлык талап кылышкан имиш. Иликтөөнүн материалдарында чек ара кезметинин укук бузуу иш-аракеттеринин жана пара алууларын далилдеген аудиожазуулар бар.
Кызматтык иликтөөнү жүргүзүү маалында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, майор Т.Аланов Кадрлар башкармалыгынын карамагынан чыгарылган. Бул кызматтык иликтөөнүн материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Буга чейин Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынын мурдагы башчысы негизсиз кызматтан алынганын айтып, журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн.